Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыялайт.
Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аспектилерин ар тараптуу чагылдырууга тартуу, журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.
Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып, 2022-жылдын 30-апрелине чейин сынактын темасы боюнча жарыяланган материалдар кабыл алынат.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
– «мыкты телепрограмма/телеберүү»;
– «мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы»;
– «мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы»;
– «мыкты макала /электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы»;
– «мыкты жарыялоо/ социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы. («Facebook», «Instagram», «YouTube»)
Өз номинациясында 1-орунга ээ болгон сынак катышуучусуна – диплом жана 70 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, 2-орунга –диплом жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, ал эми 3-орунга диплом жана 35 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык (эки орун) каралган.
Сынакка катышуу үчүн материалдар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78; электрондук дареги: synak2022@gmail.com.Сынактын жыйынтыгы сынак комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 20-майына чейин чыгарылат.
Жобосу шилтемеде: https://docs.google.com/document/d/1n2gW3UPRohMbG8PZBRDMPwSWbtt9r2QO3L1eUMaG6CE/edit?fbclid=IwAR1Sx1AKI8QC86BjLH8NK9M7yd8HUXUG0vvvymnjff6CkGAcz7g9R9xDxlc