More

    Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонунун Жалил Садыковдун ( “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде) «Төлгө» спектакли менен ачты

    Жаңы сахналаштырылган спектаклге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана кеңири коомчулук катышты.

    Спектакль алдында Азамат Жаманкулов көрүүчүлөргө оңдоп түзөө иштерине жабылган театр өз күйөрмандарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып, кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирди.

    Спектаклдин режиссеру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистиНазым Мендебаиров болду.Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. “Манастын уулу Семетей” дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү.

    Кыргыз эл акыны Ж.Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашайт экени, ошол рухтан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылат.

    Спектаклде каралуу кеткен Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тарпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган, кайын энеси Чыйырды менен болгон кайын-эне келиндин ортосундагы астейдил сый мамилеси баяндалат.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ