More

    Маданий- гуманитардык байланыш өлкөлөрдү бекемдеп, кызматташууга жол ачат

    Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менент жолугушуу учурунда билдирди.

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде чыгармачылык коллективдердин, маданият ишмерлеринин катышуусу менен кыргыз-казак достугуна арналган иш-чараларды өткөрүүнү улаантуу боюнча сүйлөшүлдү.

    Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов элчи менен бирге жакынкы аралыкта Чолпон- Ата шаарында жайгашкан Мухтар Ауэзовдун үй- музейине барууну макулдашып, кыргыз- казак элдеринин тарыхы жана мурастары сакаталган музейдин абалы менен биргеликте жеринен көрүүнү чечишти.

    Өз кезегинде, Азамат Жаманкулов буга чейин аталган музейде болгондугун жана учурдагы абалы тууралуу кабары бар экенин айтып, музейге ремонт иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады. Мындай кадамдар, маданий- гуманитардык алаканы бекемдеп, кызматташууга жол ача тургандыгын баса белгилөө менен, Манастын айкелин Казакстанда орнотууга тиешелүү көмөк көрсөтүүнү айтып өттү.

    Буга катар, Азамат Жаманкулов кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга даяр экенин белгилеп, Маданият министрлиги зарыл болгон учурда тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.Ал эми, Рапиль Жошыбаев Кыргызстан менен Казакстандан ортосундагы бардык байланыштар маданий алакасыз жүрбөй турганын белгилеп, алдыда өтө турган Кыргызстандын Казакстандагы маданий күндөрүн өткөрүү, А. Кунанбаевдин айкелин Бишкек шаарына орнотуу сындуу бир катар иштер бар экенин айтып, аны өткөрүүдө Элчилик Кыргызстандын Маданият министрлиги менен биргеликте иш алып барууга кызыктар экенин баса белгиледи.

    Жолугушуунун жыйынтыгында, Азамат Жаманкулов Рапиль Жошыбаевге дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, тараптар белгиленген бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну макулдашты.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ