More

    Маданият министрлиги бала бакчалар арасында “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышындагы республикалык долбоорун баштады

    “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыкты иш жүзүнө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон үй бүлөнүн бүтүндүгүн сактоого бирден бир себеп болгон сөз өнөрүн аздектөө максатында бала бакчалар арасында “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышындагы республикалык долбоорун баштады.

    Долбор алгач, Бишкек шаарындагы № 184 “Бүчүр” бала бакчасында башталып, алгачкы жомукчулар Кыргыз Республикасынын эл артисти Калийча Сейдалиева жана режиссер – сценарист Абдурасул Эшалиев болду.

    Долбоордун максаты

    – муундан-муунга мурас болуп келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон сөз өнөрүн баккан жомокчуларды эл ичинен тандап алуу;

    – Үй бүлөнүн бүтүндүгүн, улуулугун баалоо;

    – Улуттук маданиятты жана баалуулуктарды сактоо, даңазалоо;

    – Бала бакчадагы жаш жеткинчектердин кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;

    – Жаш бөбөктөрдү Ата Мекенин сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого, эне тилди сактоого, улуттук баалуулуктарды айырмалай билүүгө калыптандыруу болуп саналт. “Чоң ата, чоң эненин жомогу” март айынан декабрь айына чейин уланып, Кыргызстандагы бардык бала бакчалары камтылат.

    Жомокчулар болуп, маданият жана искусство кызматкерлери, элдик педагогдор (мыкты жомокчу чоң ата, чоң эне), педагогдор, филологдор жана тарыхчылар, кол өнөрчүлөр катыша алат. Долбоор Маданият министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор тарабынан координацияланат.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ