More

    Маданият министрлиги кеңейтилген форматта коллегия өткөрдү

    Бүгүн, 10 – февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кеңейтилген коллегиясы өттү.

    Анда Министрликтин курамындагы маданият, маалымат, спорт, туризм, этностор аралык мамилелер жана жаштар саясаты тармагындагы жасалган иш аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, 2022-жылы жасала турган иш- аракеттер талкууланды.

    Коллегияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, коллегия мүчөлөрү жана Министрликтин курамындагы бардык мекеме жеткчилери катышты.Министр Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн коллегия жалпы тармактык аткарылган иштер, чечилбей келе жаткан орчундуу маселелер, приоритеттүү жана кечиктирилгис чечүүгө муктаж болгон темараларга арналды.

    Тармактык аткарылган иш аракеттер угулган соң, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баяндама жасап, алдыда кандай иш- аракеттер бар, кандай реформалар кирет жана бардык тармактардын алдыга коюуп жаткан пландары менен ой бөлүштү.Азамат Жаманкулов өз сөзүндө алгач театр оюн- зоок мекемлериндеги бүгүнкү күндөгү чыгармачылык атмосфера, жаны спектаклдери алып чыгуу, заман талабына шайкеш келген, эл суусап, көргүсү келген драмаларды, музыкалык спекталдерди жана оюн- зоокторду жогорку деңгээлге алып чыгууну мекеме жетекчилерине тапшырды.

    Аны менен бирге, учурда бир катар театрларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан сырткары, министр теарларга жыл ичинде 4 кем эмес спекталь алып чыгуу тапшырмасын берди.Ал эми, музей багыты боюнча М. Ауэзов жана А. Осмонов атындагы үй- музейин Министрликтин балансына алуу, “Сулайман- “Тоо” археологиялык тарыхый- этнографиялык музей комплексинин жакшыртуу, Өзгөн мунарасын Сулайман- Тоо комплексинен бөлүп чыгуу, “Манас Ордо” Улуттук комплексинин жана “Ата- Бейит” мемориалдык комплексин концепциясын жаңы иштеп чыгуу жана жакшыртуу сындуу бар катар иштер жасала турганын кошумчалады.Ошондой эле, кино багытында мамлекеттик тапшырыктын негизинде тарыхый жана көркөм тасма тартуу иштери пландалып, коомду жакшы жакка эрчий турган, элге руханий азык бере турган кино тасмаларын жаратуу ниети бар экенинин белгиледи.

    Эл аралык кызматташуу бекемделип, 2022- жылы Казакстанда, Өзбекстанда жана Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, ошондой эле Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку деңгээлде катышуу керектигин айтып, зарыл болгон учурда аймактардагы мыкты маданият өкүлдөрүн программага кошууга жана иштешүүгө даяр экинин айтты.

    Жыйындын соңунда, 2021- жылы өз ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жеткен бир катар маданият мекемелерине Министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ