More

    Сауд Арабияда Кыргызстандын туристтик, айыл чарба жана маданий жарманкеси ачылды

    Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарындагы “Digital City” көргөзмө борборунда Кыргызстандын туристтик операторлорунун, агробизнесинин , кол өнөрчүлөрүнүн жана маданий ишмерлеринин жарманкесинин ачылды.

    Ата мекендик жарманкенин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Сауд Арабия Королдугунун экология, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а. Н. Баясов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы элчиси Улукбек Марипов катышты.

    Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Арабия Королдугунун экология, суу ресурстары жана айыл чарба министрин көргөзмө-жарманке менен тааныштырып, Кыргызстандын туризм, маданият, айыл чарба жана бизнес тармагындагы потенциалын айтып, Кыргызстанга ишкерлер жана инвесторлор менен келип кетүүсүн чакырды.

    Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мындай иш- чараларды салттуу түрдө Сауд Арабия Королдугунда жыл сайын өткөрүп туруу жөнүндө сөз болду.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ