Image default
Жаңылыктар

12-декабрда Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт

2022- жылдын 12-декабрында Токтогула Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.
Иш- чарага расмий өкүлдөрдөн Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын Маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприяновдун келүүсү күтүлүүдө.
Ал эми, чыгармачылык топтун катарында М.Е. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык “Нальмэс” элдик бий ансамбли, С.А. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры бар.
Жалпы чыгармачыл жана техникалык топ 140 адамды түзөт. Учурда салтанаттуу иш- чарага даярдыктар жүрүп жатат.
Концерттик программага кыргыз-орус элдеринин улуттук ыр-бийлери, комуз жана балалайкада виртуоз ойноолор камтылмакчы.
Салтанаттуу иш- чара 2022- жылдын 12-декабырнда саат 18:00дө башталат.
Эске салсак, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды эки өлкөнүн кызматташтыгынын эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.
Буга байланыштуу, 2020-жылдын 27-февралында Кремль сарайында мамлекет башчылардын катышуусунда эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өткөн.