Image default
Жанылыктар

18-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата өтүп жаткан “Абдумомуновдун жумалыгы” жыйынтыкталды

18-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата өтүп жаткан “Абдумомуновдун жумалыгы” жыйынтыкталды.
Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөдү.
Анда Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналган жумалык ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканы белгиленип, анын кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы эскерилди.
Жумалыктын алкагында Токтоболот Абдумомуновдун элесине арналып чыгарылган «Кыргыз почтасынын» маркасына мөөр басуу салтанаты болуп өттү.
Жумалыктын алкагында “Карагул ботом” спектаклинин премьерасы болуп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Мындан сырткары, жумалыктын жабылышынын алкагында ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун Баш катчысы Раев Султан бир катар өнөр ээлерине ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун сыйлыктарын тапшырды.