Image default
Жанылыктар

2021- октябрынан 2022- жылдын октябрына чейин Ата Мекендик спортчулар 370 медаль жеңген

2021- октябрынан 2022- жылдын октябрына чейин Ата Мекендик спортчулар 370 медаль жеңген. Анын 102 алтын, 108 күмүш жана 160 коло медаль болду.
2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 92 республикалык спорттук-массалык иш-чара, республиканын региондорунда 192 256 адамдын катышуусу менен 1305 спорттук-массалык иш-чаралар, 161 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, Ата Мекендик спортчулар 119 эл аралык мелдешке жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн манилүү иш-чаралар:
– Бишкек шаарынын “Шаардык муз аянтчасы” спорттук-көңүл ачуучу комплексинде чоңдор арасында шайба менен хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты (4-дивизион) болуп өтүп, Кыргызстан чемпион аталды.
– Чолпон-Ата шаарында 21 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчуларынын катышуусунда ШКУнун эл аралык марафону болуп өттү;
– Ош шаарында “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Мелдеште жалпысынан 48 медаль ойнотулуп, 8 өлкөдөн 200дөй спортчу катышты жана 10 өлкөнүн спорттук делегациясы келди. Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары 21 медаль: 7 алтын, 9 күмүш жана 5 коло медалга ээ болду;
– Бишкек шаарында “Бишкек арена” спорт комплексинде күрөш түрү боюнча U17 жана өспүрүмдөр жана U23 жаштар арасында Азия чемпионаты болуп өттү, ага Азия регионундагы 15 өлкө, 380 спортчу катышты;
– Бишкек шаарында регби боюнча 3-дивизиондо Азия чемпионаты болуп өттү. Чемпионатка Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия жана Казакстан курама командалары катышты.
– Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өспүрүм балдар жана кыздар арасында гиря спорту боюнча дүйнө чемпионаты, гиря спорту боюнча дүйнөлүк жаштар оюндары;
– Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде каратэ-до шотокан WSF боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Мелдеште биздин спортчулар 1 коло медаль жеңишкен;
– Чолпон-Ата шаарында “Динамикалык пирамида” түрү боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында бильярд спорту боюнча Дүйнө чемпионаты болду жана мелдеште биздин спортчулар 2 коло медаль жеңип алышты.
– Ысык-көл облусунда волейбол боюнча Азиянын чакырык кубогу болуп өттү. Мелдеш Өзбекстан, Сауд Арабия, Монголия жана Кыргызстандын арасында болуп, Кыргызстан жеңүүчү аталды;
-Бишкек шаарынын “Газпром-балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде бодибилдинг боюнча 55-ачык Азия чемпионаты болуп өттү. Азия чемпионатына 26 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышып, Кыргызстандыктар 3 күмүш, 5 коло байге жеңип алышты;
– Ысык-Көл облусунда стренлифтинг боюнча Дүйнө чемпионаты болду;
Эл аралык мелдештердеги ийгиликтер.
-Бразилияда жайкы Сурдолимпиада оюндары өтүп, Кыргызстандын атынан спорттун 5 түрү боюнча ( эркин күрөш, грек-рим күрөшү, таэквондо жана жеңил атлетика, дзюдо) 24 спортчу боюнча катышкан. Кыргызстан курама командасы 6 медаль: 2 күмүш жана 4 коло жеңип келишти.
– Орусияда, Владивосток шаарында VII Эл аралык “Дети Азии” спорттук оюндары өттү. Кыргыз Республикасынын спорт делегациясы 8 медаль алышты. 1 алтын (ок атуу) 2 күмүш (таэквондо, ок атуу) 5 коло (таэквондо, ок атуу, самбо, куреш, футбол).
-Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. Кыргызстан жалпы эсепте 53 медаль жеңди. Анын 16 алтын, 14 күмүш, 23 коло. Жалпы медалдык эсепте 2-орунду ээледи.
-Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча биринчи жолу спортчуларыбыз Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын байгени, Исмаилов Амантур кол байгени жеңип келишти. Эркин күрөш боюнча спортчуларбыз Арсалан Будажапов жана Эрназар Акматалиев коло байгени багындырышты.
– АКШнын Бирмингем шаарында спорттун олимпидалык эмес түрлөрү боюнча XI Дүйнөлүк оюндары болуп өттү. Икбол Фозилжонов кикбоксинг боюнча коло медалдын жана Абдурахман хаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча күмүш байгенин ээси болду.
– Словакиянын Шаморин шаарында болуп өткөн триатлон боюнча Дүйнө чемпионатында паратриатлет спортчубуз Жалалидин Абдувалиев алтын медалды жеңип алды.
– Түркиянын Конья шаарында V Ислам тилектештик оюндары болуп өттү. Бул жылы Ислам оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышышты.Кыргызстандын спортчулары спорттун 16 түрүнөн беттешип, 31 медаль (8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло) жеңип алышты. Жалпы эсеп боюнча 9-орунду ээледи.
2021- октябрынан 2022- жылдын октябрына чейин Ата Мекендик спортчулары 370 медаль утуп алышкан: 102 алтын, 108 күмүш жана 160 коло медалдар.
Отчёттук мезгилде Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан 305 спорттук наам ыйгарылган:
– Кыргыз Республикасынын спорт чебери – 164,
– Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери – 77,
– Ардагерлер арасында Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери – 4;
– Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу – 55,
– Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери – 5 түздү.
Учурда мамлекет тарабынан кыргыз спортчуларын колдоо жана аларга тиешелүү деңгээлде көнүл буруу максатында бир катар спорттук объектилер салынып жатат. 2022-жылдын 1-октябрына карата региондордо 8 спорт зал- жана 14 кичи футбол аянтчасы салынып, ишке берилди.
Ошондой эле 2022-жылы Бишкек шаарындагы кыз-келиндердин күрөшүнө жаңы заманбап спорттук комплексти курулууда жана Баткен областында “Халмион” ипподромдун курулуш иштери башталды.