Image default
Жанылыктар

2021-жылдын октябрынан тарта китепканада окурмандардын саны 1 224 128 адамды түздү

2021-жылдын октябрынан тарта китепканада окурмандардын саны 1 224 128 адамды түздү.
2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин окурмандарды саны – 1 224 128 адам, документтердин берилиши – 10 292 293, жалпы өткөрүлгөн иш-чаралардын саны – 25 663 түздү.
Республикадагы коомдук китепканаларында 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин 104 195 жарым жылында ар кандай китеп, документтер санариптештирилди.
Учурда Улуттук китепкананын заманбап инфраструктурасы негизделди, бул бирдиктүү локалдык тармак, автоматташтырылган жумуш орундары түзүлдү. “IRBIS” интеграцияланган китепкана-маалыматтык тутум киргизилип, электрондук каталогдор жүргүзүлүүдө, электрондук маалыматтар базасы түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы кыргыз элинин тарыхы жана маданияты боюнча сейрек кездешүүчү баалуу басылмаларды, кыргыздын “Манас” эпосунун алгачкы басма басылмаларын санарипке өткөрдү.
Улуттук китепкана Кыргызстандын бардык тургундары жана китепкана колдонуучулары үчүн ачык электрондук китепкана www.lib.kg сайтын түздү.
Министрлик Кыргыз Республикасынынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Көп окуган – Көсөм”. “Китеп фестивалы-2022” жумалыгын өткөрдү.
Китеп жумалыгынын алкагында “Китеп искусствосу” аттуу Республикалык кароо-сынкатын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 200,0 миң сомду түздү.
Бишкек шаарында XIX Эл аралык “Китеп искусствосу” сынагы өттү. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан катышып, жалпы 77 басылма келип түшкөн. Сынак 10 номинация боюнча өттү: “Шериктештик”, “Менин өлкөм”, “Балдар жана жаштар үчүн китеп”, “Маданият диалогу”, “Илим жана билим”, “Искусство китеби”, “Иллюстрация искусствосу”, “Басмада басылган Шериктештик”, “Жеңиш” жана “Гран-при”. ж.б. болду.
Россия Федерациясынын Москва шаарында “Эл аралык китеп көргөзмөсүнүн алкагында “Китеп искусствосу” сыйлыктары тапшырылды. Кыргыз Республикасынын басылмалары бул конкурста 1-даражадагы 3 диплом, 2-даражадагы 5 диплом, 3-даражадагы 1 диплом жана баш байге “Гран-при” 1 млн. рубль акчалай сыйлыгынын жеӊүүчүлөрү болушту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда республикадагы китепканалардын жана жаштар борборунун имараттарынжа “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору ишке киргизилди.
Аталган борборлор жарандардын электрондук кызматтарды колдонуусун кеңейтүү, жарандардын базалык санариптик билим деңгээлин жогорулатуу аркылуу алардын заманбап электрондук технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу жана өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү шартында жаштарды IT кесипке тартуу үчүн санариптик билим берүү программаларын ишке ашырууга киргизилген.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Мезгилдүү басылмалар, китеп басып чыгаруу, китеп таркатуу жана полиграфия жаатындагы кызматташтык боюнча мамлекеттер Эл аралык Кеңеши өткөрүлдү. Аталган Кеңешине Азербайджан, Армения, Беларусь, Казахстан, Россия Федерация мамлекеттеринин Эл аралык Кеңешинин мүчөлөрү катышышты. КМШ элдеринин улуу инсандар жөнүндө сериялык басылмаларды, жыйнактарды чыгарууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу жана КМШ мамлекеттеринин арасында балдардын жана жаштардын окуусун колдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.