Image default
Жанылыктар

2022-жылдын 18 – ноябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында «Кыргыз эл акыны, жазуучу жана коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы “Манас” орденинин ээси Омор Султанов – 87 жыл» аттуу эскерүү кечеси болуп, анын алкагында китеп-сүрөт көргөзмө коюлду

2022-жылдын 18 – ноябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында «Кыргыз эл акыны, жазуучу жана коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы “Манас” орденинин ээси Омор Султанов – 87 жыл» аттуу эскерүү кечеси болуп, анын алкагында китеп-сүрөт көргөзмө коюлду.
Эскерүү кечесине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, акын-жазуучулар, журналисттер, коомдук ишмерлер жана ыр ышкыбоздору катышты.
Омар Султановдун ырлары көркөм окулуп, анын өмүр жолун, чыгармачылыгын, турмушта кездешкен кызыктуу окуяларын эскеришти.
Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 2022-жылы 3-апрелде дүйнөдөн кайткан.
О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган.
Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 12 человек, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 12 человек, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и люди сидят
Возможно, это изображение 8 человек и люди сидят
Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят, люди сидят и в помещении