Uncategorized

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов КыргызРеспубликасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз адабиятынын патриархы жана академик Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө барып, жазуучунун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен жолукту.

Алгач, министр Түгөлбай Сыдыкбеков 1953-1997-жылдар аралыгында жашап өткөн (Раззаков көч., 21) тарыхый үйдүн ичиндеги сакталып калган жеке боюмдары, эмгектери жана китепканасы менен таанышты.

Таанышууунун жүрүшүндө Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков үйдүн тарыхы жана алдыда жасала турган иш аракеттери тууралу айтып берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Азамат Жаманкулов 2022- жылы Т. Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын айтып, жазуучунун китептерин санарипттөө, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү үй музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Жолугушууда залкар жазуучунун уулу менен бирге Т.Сыдыкбековдун чыгармаларынын толук жыйнагын басып чыгарууга демилгечи жана түзүүчү болуп иш аалып барып жаткан Алихан Ибраимов да катышты.

Эске салсак, 2022-жылы Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

1928–1931-ж.ж. Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаарындагы) Айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтун аяктаган.

1931–1936-ж.ж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-ж.ж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-ж.ж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.