Image default
Жаңылыктар

Жаштар форумунун алкагында «КМШ жана ЕАЭБ жаш лидерлери» аталышындагы панелдик талкуу болуп өттү

Жаштар форумунун алкагында «КМШ жана ЕАЭБ жаш лидерлери» аталышындагы панелдик талкуу болуп өттү.
Жаштар форумунун алкагында “КМШнын жана ЕАЭБдин жаш лидерлери” деген темада талкуу болуп өттү. Анда КМШ өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин улуттук кадрдык резервдери – түзүү механизмдери жана өнүгүү келечектери, улуттук менеджмент мектептери – ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү тажрыйбаларды кеңейтүү, Евразия Студенттик Ассамблеясы – аймактын жаш лидерлерин бириктирүүнүн стратегиялык максаттары темалары талкууланды. Талкууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Укук жана улуттук коопсуздук институтунун директорунун эл аралык мамилелер боюнча орун басары Валерий Смирнов модераторлук кылышты.
Баяндамачы катары Армения Республикасынын Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Хачатур Казеян, Казакстан Республикасынын Коомдук өнүгүү маалымат министрлигинин Жаштар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасы Кайрат Баймулдиновдор сындуу бир катар мамлекеттинөкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өнүгүүнүн ар кыл багыттарына тиешелүү, бүгүнкү күндө актуалдуу болгон ар кандай суроолор жана кызуу диалог менен коштолду.