КМШ жана ЕАЭБ жаштары панелдик талкуу учурунда.
Панелдик талкууда мамлекеттик кызматтагы кадр резервин түзүү, билим берүү системасындагы зарыл болгон кадамдар, креативдүү экономика жана саламаттыкты сактоо жаатындагы маанилүү маселелерди талкуулашты.
Мындай биргелешкен кадамдар КМШ жана ЕАЭБ жаштары ортосундагы байланышты бекемдөөгө багыт алып, зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жана кызматташууга пайдубал боло алды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштар саясаты багытындагы бардык иш аракеттерди #Келечек платформасынын алкагында жүргүзүп жатышы, форумга келген делегациялардын колдоосуна арзыды.
























