Image default
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров: Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат

Президент Садыр Жапаров: Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат
“Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат”, деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана советтик футболдун ардагерлеринин курамасынын ортосундагы жолдошттук беттешти ачып жатып.