More

    28-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Арабия Королдугунун спорт министри Абдулазиз Бин Турки Аль Сауд менен жолугушту

    28-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Арабия Королдугунун спорт министри Абдулазиз Бин Турки Аль Сауд менен жолугушту.

    Жолугушууда тараптар спорт жана этноспорт жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулап, министр Азамат Жаманкулов улуттук спорттун түрлөрүн, көчмөн элдердин уникалдуу маданиятын жана мурастарын сактоого багытталган «Көчмөндөр ааламы», «Дүйнөлүк этно оюндары» жана «Мен көчмөнмүн» долбоорлорун ишке ашырууну сунуштады.

    Өз кезегинде Сауд Арабия Королдугунун спорт министри Абдулазиз бин Турки Аль Сауд сунушталган идеяларды колдоп, ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди. Ал эми, Азамат Жаманкулов Абдулазиз бин Турки Аль Сауд мырзаны Кыргызстандын уникалдуу маданияты, жашоосу, жаратылышы менен жакындан таанышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, ошондой эле, Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жолугушууга кызыктар экендигин маалымдады.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ