Image default
Жаңылыктар

Чыңгыз Эсенгул уулу КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышууда

Чыңгыз Эсенгул уулу КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышууда.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуу максатында Казакстан Республикасынын борбору Нур-Султан шаарына иш сапары менен барды.
Аталган жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышууда. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, КМШнын алкагында маданият тармагында кабыл алынган негизги долбоорлорду жана иш-чаралардын пландарын ишке ашырууну талкуулашат.
Шериктештикке мүчө-өлкөлөрдүн Маданий кызматташтык кеңеши кызматташтыктын тармактык органы болуп саналат жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү координациялоону жана маселелерди чечүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
Казакстан Республикасынын КМШ Маданият Кеңешинин төрагасы катары Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев быйылкы жылы динамикалык видеотасмаларды көрсөтүү форматында шериктештикте жарыяланган темалар боюнча Art Expo өткөрүү идеясын билдирди.
Мындан тышкары, Кеңеш КМШнын маданий борбору долбооруна басым жасоо менен Шериктештиктин баалуу мончогу долбоорун кайра уюштуруу маселесин кароо идеясын колдоду.
Белгилей кетсек, 2023-жылы КМШга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят, в помещении и текст «оссийск осинцев владимир геннадьевич 2ያ3»
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и стоит
Возможно, это изображение 9 человек и люди стоят
Нет описания фото.