Азамат Жаманкулов Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинде жүрүп жаткан жаңылануу иштери менен жеринде таанышты.
Бүгүн, 15- сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинде болуп, жасалып жаткан иш аракеттер менен жеринде таанышты.
Анда, аталган комплекске курулуп жаткан Бакыт үйү жана респоинтттердин курулушу, ошондой эле 2023-жылы жасала турган бир катар иштерди пландоо максатында комплекстин жетекчиси жана тиешелүү адистер менен кеңешме уюштурду.







