Бүгүн, 10- мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда “Жаштар үчүн келечек” биргелешкен планын ишке ашыруу үчүн макулдашууга кол коюлду.
Кол коюу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун Кыргыз Республикасындагы директору Йоахим Фритцтин ортосунда болду.Келишимдин максаты жаштардын экономикалык жана социалдык активдүүлүгүн күчөтүү боюнча саясатты жана иш-чараларды ишке ашыруу багытын жакшыртууну көздөйт.
Жыйынтыгында секторлор аралык кызматташуу жана улуттук деңгээлдеги стратегиялык негиздерди иштеп чыгууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде пландаштырууда жана бюджетти түзүүдө жаштардын ишин алдыга жылдырууга, жаштар иштери боюнча адистерди, жаш лидерлерди даярдоо жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү каралат.План боюнча иш -чаралар 2022-2025 жылга чейин белгиленген.