Image default
Жанылыктар

“Жаштар жумалыгына” арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди

“Жаштар жумалыгына” арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди.
Бүгүн, 10-ноябрда жаштар күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Жаштар жумалыгына” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстан жаштарына арналып тартылган кызыктуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев катышып, жаштарды 10- ноябрь жаштар күнү менен куттуктады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өлкөнүн келечеги билимдүү жаштар экенин, кыргыз эли таланттуу жана билимдүү жаштары менен сыймыктанаарын белгиледи.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ийгилик жараткан активдүү жаштарга министрликтин ведомстволук сыйлыктарын ыйгарды.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят, в помещении и текст «уваж моло еспубли KYHY C праз Hb молод республ»
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят, в помещении и текст «кыргыз респу жаштар KY сы ыраазыч _ ября ября-день гызской PEC»
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и стоит