Image default
Жанылыктар

«Абдумомунов жумалыгы» старт алды

«Абдумомунов жумалыгы» старт алды.
15-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Т. Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата “Абдумомунов жумалыгы” старт алды.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов, Токтоболот Абдумомуновдун уулу жана кеңири коомчулук катышты.
Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жаңы ачылган «Абдумомунов жумалыгынын» маанилүүлүгүнө токтолуп, куттуктоо сөз сүйлөдү. Куттуктоосунда “Кыргыз театрларынын алгачкы көч башы, жалпы кыргыз искусствосунун флагманы эсептелген Т. Абдумомунов аталган театрга чыгармачыл дем-күчүн, өмүрүн, эмгегин арнап ар түрдүү жанрдагы пьесаларды жазып, ал чыгармалары театрларга коюлуп, ал көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, журтубуздун жүрөгүнөн түнөк таап, улуттук драматургияны дүйнөлүк классикага айлантканы талашсыз. Анын эмгеги тек гана театрдын тарыхы деп бааланбастан, кыргыздын улуттук маданиятынын тарыхын көтөрүүдө да жогорку ролду ойноду” деп белгиледи.
Андан соң Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектакли көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Жазуучунун “Каркыралар кайтканда” (1965), “Сүйүү жана үмүт” (1966), “Бюро жүрүп жатат” (1968), “Жыгылган ооганга күлөт” (1968), “Ашырбай” (1980), “Жарыктык карыларым” (1980) ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлду. Булардан тышкары, “Машырбек үйлөнөт”, “Чолпонбай”, “Карагул ботом”, “Алдар көсө”, “Жоробайдын жоруктары”, “Абийир кечирбейт” ж.б. отуздан ашык пьесалары кыргыз драматургиясынын эң мыкты үлгүлөрү болуп кала берди. Анын калемине таандык “Абийир кечирбейт”, “Алдар көсө” спектаклдери Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын репертуарында азыркы күндө да ийгиликтүү ойнолууда. Ошондой эле жазуучунун 100 жылдыгына карата анын калемине таандык “Карагул ботом” спектакли сахналаштырылды.
Т. Абдумомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан болгон. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Жазуучунун көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйлыгы уюштурулган (1991-жыл).
1997-жылы 10-декабрда Кыргыз мамлекеттик драма театрына кыргыздын биринчи профессионал драматургу катары Т.Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган. Бишкек шаарынын борборундагы көчөнүн бири анын ысымында. Жазуучу 1989-жылы дүйнөдөн өткөн.
Түрксой эл аралык уюму анын 100 жылдыгына карата 2022-жыл Т. Абдумомуновдун жылы деп жарыялады.
Возможно, это изображение 4 человека и люди сидят
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 13 человек, люди стоят и в помещении