Image default
Жанылыктар

2022-жылдын 11-ноябрында Токтогул районунда алп акын Коргоол Досуевдин 140 жылдыгына карата “Республикалык айтыш -2022” өттү

2022-жылдын 11-ноябрында Токтогул районунда алп акын Коргоол Досуевдин 140 жылдыгына карата “Республикалык айтыш -2022” өттү.
Айтыш Токтогул райондук маданият үйүндө өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, Токтогул шаардык мэриясы, Айтыш Коомдук Фонду , Кыргыз улуттук «Манас» театры, “Ак -Бакай” коомдук фонду менен биргеликте уюштуруп өткөрдү.
Айтышка катышкан акындарга акчалай байгелер тапшырылып, маданий саамалык келген меймандарды кайдыгер калтырган жок.
Айтыштын жүрүшүндө төкмө акындар Коргоол Досуевдин тууралуу жана анын алп акын катары тарыхта калган урунттуу учурларын айтып, аны даңазалап ырдашты.
Иш- чарага келген меймандар Коргол Досуевдун жана Токтогул Сатылганов үй музейине зыярат кылып кайтышты.
Нет описания фото.
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 11 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и в помещении