Image default
Жаңылыктар

Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Респубиликасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 19-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Респубиликасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өттү.
Актёрду акыркы сапарга узатууга күйөрмандары, жакындары, кесиптештери, саясий, коомдук жана маданий ишмерлер ж.б келишип, Азиз Мурадилаевдин чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы бейнесин ача сүйлөшүп, кабыргалары кайышып турду. Андагы айрым инсандардын сүйлөгөн сөздөрүн беребиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов:
• Кыргыз эли Азиздин сакайып кетишин тиледи, бирок алышкан оору алып тынды. Кош дегенге ооз барбайт. Сахна жана кино жылдызы Азизке калайык калктын ыйлаганы жөн жерден эмес, анткени ал миллиондогон элдин жүрөгүнөн түнөк тааптыр.
Азиз бизге “Семетейди”, “Алымбек датканы” тирилтип берген. Ал ролдору менен бизди ошол доорлорго жетелеген. Өзгөчө “Алымбек даткага” Азиздин тандалышы режиссёрдун да, актёрдун да бактысы болду десек болот. Азиз жаш болсо да Алымбектин сүрүн, кайратын, салабаттуу, нарк-насилдүү жүзүн, ошондой эле Датканын мекенге болгон сүйүүсүн элге жеткире алган.
Кино Азиздин эмес, Азиз кинонун ажарын ачкан. 44-жаш. Кандай кыска. Ал аз жашады бирок саз жашады. Азиз Мурадилаев Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадыловдун ордун татыктуу басып өттү. Азиздин талантына таазим этебиз!
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов:
• Кыргыздын театр жана кино искусстовосу оор жоготууга учурады. Азиз Мурадилаев театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Ал кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б.Мольердин«Анткор оорулуу» спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин «Дарак түбүндөгү махабат» спектаклинде Эбиндин, У.Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан сындуу бир топ образдарын жогорку деңгээлде жараткан. Акыркы жылдары Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектаклиндеги Сабитжандын, Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклиндеги Омордун, М.Ауэзовдун “Эңлик-Кебек” спектаклинде Кеңгирбайдын, Ж.Садыковдун “Төлгө” спектаклинде Ысмайылды аткарган.
Театр эле эмес, кинодо да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң этаптуусу жана элдин эсинде Садык Шер-Нияз режиссерлук кылган “Курманжан Датка” тасмасындагы Алымбек Датканын образы болуп калды.
Мындай ташкындаган таланттын артында атасы актер Үсөн Мурадиллаев, апасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондугу таасир берип, алардын жолун жолдоп оору менен алышып жаткан учурда да театрда эмгектенди.
Сахна жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс талант Азиз Мурадиллаевдин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов:
• Өткөн доорду кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй десек, бул доорду Азиздин өңүндөй десек болот. Ал Алымбек даткадай кыргыз жигитинин мырзалыгын, ички сулуулугу менен тышкы сулуулугу төп келген гармониялуу образды жарата алды. Өтө аз жашады. Узак жашаганда, дагы далай ички табияты бийик, айкөл, мырза жигиттердин, аксакалдардын образдарын жаратмак, дагы далай бийиктиктерди багынтмак…
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков:
• Жалпы элге кыйын болуп турат. Анын ичинен өзгөчө биздин театрга кыйын болду. Канчалаган убакытты ушул жерде чогуу өткөрдүк. Театрдын босогосун кенедей кезинен аттады. Театрдын ичинде чимирилип чуркап жүргөнү азыр да көз алдыма тартылып атат.
Жашоодо өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, ички маданияты, улууга, кичүүгө болгон мамилеси менен адамды өзүнө тартып турчу. Ботодой көзүн жайнатып, жүзүнөн нур төгүлүп турар эле. Элдин сүймөнчүгү, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан деген ушул, карагылачы эт батпай турат. Эми Азиз ар бирибиздин жүрөгүбүздө болот.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Замир Сооронбаев:
• Азиз биздин көз алдыбызда төрөлдү, чоңойду. Ата-энеси менен чогуу Ташкентте окудук. Театрдын короосунда тарбияланган бала, ата-энесин эле тартат го дечү элек, айткандай эле болду. Атасы да мыкты актёр эле. Өмүрү кыска болду. Азиз атасынан 2 жаш гана өйдө жашаптыр. Азиз, кагылайын, атаңдын жанына кеттиң. Элге жасаган кызматын эстен чыкпайт…
Курсташы актёр, Жолдошбек Жанжигит уулу:
• Азиз курсташтардын арасынан борпоң, элпек көрүнгөн менен баарыбыздан күчтүү болчу. Биз бир театрда жүрсөк, Азиз күндүз шаардык театрда ойноп, кечкисин кыргыз драма театрда ойноп, андан кийин орус драма театрда репетиция кылып жүрчү. “Менин биртууганым жок, бирок менин биртууганым силерсиңер” дечү бизди. Бүгүн акыркы сапарга татыктуу узап атат. “Эмки жылы уулумдун тоюн кылам”- деген кыялы ишке ашпай калды. Эки уулунун өмүрү узун болсун.
Кесиптеши, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров:
• Азиздин сөөк башында сүйлөйм деген оюм жок эле. Дарыланып келгенде башын куттуктап сүйлөйм го дегем. Эл артистигин алганда же дагы башка жакшылыгында куттуктасам болмок. Бирок, Азиз бизден боосун үзүп, учуп кетти. Жаштык жигер менен ойногон ролдору эми бүтүп, олутту, мыкты ролдорду элине тартуулай турган маалда кете берди. Дайыма жаркылдап турчу. 20 жылга жакын чогуу иштештик. Өзү ачка турса да тең бөлүшкөндү билген мыкты жолдош элең. Кош, боорум!