Image default
Жанылыктар

7-эл аралык мода жумалыгынын сезону BURANA FASHION WEEK 2022

7-эл аралык мода жумалыгынын сезону
BURANA FASHION WEEK 2022.
20-ноябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен “Бурана” эл аралык мода жумалыгынын 7-сезону өтөт, ага 20- ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлер катышат. “Бурана фешн” Кыргызстандын мода индустриясындагы эл аралык деңгээлдеги жалгыз платформа болуп саналат. Бүгүнкү күндө компания дүйнөдөгү 50 өлкөнүн өнөктөштөрү менен иштеп жатат Иш-чаранын башкы максаты-жаш дизайнерлердин ишин илгерилетүү, салттуу жана заманбап моданы өнүктүрүү.
Программада:
19-ноябрь -“Мода индустриясы-кечээ, бүгүн эртең”темасындагы тегерек стол
Өтчү жери: Мамлекеттик инновациялык борбор, Эркиндик 58 А
Башталышы 11: 00.
20-ноябрь- Дизайнерлердин коллекцияларынын көргөзмөсү, костюмдар көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн автордук иштеринин жарманкеси
Башталышы 16: 00.