Image default
Айтыш! Айтыш! Айтыш!
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышын өткөрөт.
Тандоо туру 8-ноябрда “Манас” кинотеатрында саат 10:00дө башталат.
Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 18:00дө башталат.
Байге фонду 1 000 000 (бир миллион) сом.