Image default
Жаңылыктар

Алгачкы жолу 4-9-сентябрга чейин “Комуз күнүнө” карата түрк тилдү элдердин салттуу музыка искусствосун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтөт

Алгачкы жолу 4-9-сентябрга чейин “Комуз күнүнө” карата түрк тилдү элдердин салттуу музыка искусствосун изилдөөчүлөрү катышкан
эл аралык симпозиум өтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Комуз күнү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 9- сентябрда белгиленүүчү “Комуз күнүн” жогорку деңгээлде белгилөө максатында, Чолпон- Ата шаарында түрк тилдү элдердин салттуу музыкалык искусствосун изилдөөчүлөрдүн эл аралык симпозиуму жана Бишкек шаарында Комуз күнү салтанаттуу белгиленет.
Аталган иш- чара салттуу маданият жана музыкалык искусство жаатындагы өнөр адамдарын жана илим жаатындагы окумуштууларды бир аянтчага бириктирүү, түрк тилдүү элдердин музыкалык салттарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу боюнча илимий- изилдөө иштеринин жалпы багыттарын иштеп чыгуу, салтуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн чыгармачыл байланыштарын бекемдөө жана аларды коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.
Программа боюнча, симпозиумдун ачылышы 2022-жылдын 4- сентябрында Чолпон – Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий комплексинде өтүп, ал 9 –сентябрга чейин уланат.
Симпозиумда окумуштуулар менен пленардык отурумдар өтүп, түрк элдеринин музыкалык салттарын изилдөө маселелери, өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү салттар, түрк музыкасынын изилдөө булактары, түрк элдеринин маданиятындагы салттуу аткаруу феномени, музыка жана маданият, түрк эпикалык салттары, салттуу жана композитордук музыка, салттуу ырым- жырымдар, түрк музыкасынын жалпы тарыхы, изилдөөнүн жаңы ыкмалары сындуу темалары көтөрүлүп, анын алкагында салтуу музыка өнөрүнө тиешелүү тасмалардын, китептердин, сайттардын бет ачаарлары болуп, маданий программа менен коштолот.
Симпозиумга Кыргызстан, Казахстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, Нидерланды, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан ж.б. мамлекеттерден келген илимпоздор, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышат.
Ал эми “Комуз күнү” 9-сентябрда Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин алдында белгиленип, чоң программадагы гала концерт менен өтөт.
Иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин алдында “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, А. Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий институту менен биргеликте уюштурулуп, Евразиялык эл аралык университети колдоого алган.