Uncategorized

Алмазбек Истамбаев А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министерлер кабинетинин буйругуна ылайык, Алмазбек Истамбаев А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.Азамат Жаманкулов тааныштыруу учурунда жаңы дайындалган жетекчинин алдына бир катар талаптар коюлгандыгын белгилеп, анын ичинде жаңы спекталдери алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгарамачыл атмосфераны тузүү тапшырмасы коюлуп жатканын белгиледи.

Алмазбек Истамбаев 1972- жылы төрөлгөн. 2005- жылы К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын жана 2019- жылы И. Арабаев атындыгы Кыргыз Мамлекеттик уинверситетинин Экономика жана менеджмент институтун аяктаган.2000- 2019- жылга чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында опера алдынкы солисти;2017-2020- жылдар аралыгында А. Жумахматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестиринин директору, 2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун Көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» Бүткүл россиялык коомдук уюмунун Маданият жана искусство комитетинин төрагасы, 2021- жылдан Эл аралык “Генезис” симфониялык поэмасы долбоорунун (“Дүйнөнүн жаралышы”) Кыргызстандагы менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеп келген.