Image default
Жаңылыктар

Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду

Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.
Спортчу 67 кг салмак квтегорияда беттешет.
Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.
Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип коло байгенин ээси болду.