Uncategorized

Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту.

Жолугушууда Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан бий өнөрүнө байланышкан иш-чараларды ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, Жан Воиновдун бий өнөрүнө кошкон салымы жана чыгармачылык жактан калыптануусуна көз салып жаткандыгын айтып, бий искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Өз кезегинде Жан Воинов мындай колдоо, ага дем күч бере турганын баса белгилеп, июнь айында Бишкек шаарында бий өнөрү боюнча эл аралык деңгээлде иш- чара өтө тургандыгын маалымдап, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча баарлашты.