Image default
Жанылыктар

Азамат Жаманкулов Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолукту

Азамат Жаманкулов Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолукту.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Түркияда өтүп жаткан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Түркиянынын Маданият жана туризм министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолукту.
Анда Азамат Жаманкулов министр Мехмет Нури Эрсой мырзага Дүйнөлүк көчмондөр оюндарынын ачылыш аземи жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана аны Түркия мамлекети тарабынан колдоого алынып уюштуруп өткөрүлүп жатканына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, ал Кыргызстанда негизделген улуу оюндун дүйнөлүк алкака чыккандыгын чоң жетишкендик жана мамлекет үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.