Uncategorized

Азамат Жаманкулов Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташуунун эки тараптуу маселелерин, тактап айтканда, быйыл Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн, көрүнүктүү венгр скульптору Ласло Мессарошонун мемориалдык тактасын Кыргызстанда ачууну жана анын эстелигин орнотуу долбоорун даярдоону, ошондой эле, Будапештте Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелин орнотууну талкуулашты.

Тараптар ошондой эле быйыл Венгрия тарабынан өтүп жаткан түрк жана хунн элдеринин Курултайына Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча пикир алмашып, туристтер үчүн Будапешт менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты.