Image default
Жанылыктар

Бүгүн, 18 ноябрда Б. Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 18 ноябрда Б. Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленет.
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында, саат 14-00до Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт.
Байдылда Сарногоев Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.
1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.