Image default
Жанылыктар

Бүгүн Бишкекте “Жаштар келечек үчүн: Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык жаштар конференциясы” башталды

Бүгүн Бишкекте “Жаштар келечек үчүн: Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык жаштар конференциясы” башталды. 4 күнгө созула турган иш-чарага Борбор Азия аймагынан 50дөн ашуун активист катышууда. Конференция Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өтүүдө.
Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Дастан Абдылдаев, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Кыргыз Республикасындагы GIZ директорунун милдетин аткаруучу Торстен Бретсина ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казымова сүйлөштү.
Өз сөзүндө Союзбек Надырбеков «Жаштар климаттын өзгөрүшү боюнча актуалдуу маселелерге активдүү катышып, билимдерин ушундай маанилүү багытта өнүктүрүп жатканы бизди кубандырат. Биз, бүгүн кабыл алган чечимдерибизден улам, бүгүнкү жаштар эртең климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө туура келерин моюнга алышыбыз керек», деп блгилеп, уюштруучуларга ыраазычылык билдирди.
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении
Нет описания фото.