Image default
Жанылыктар

“Башат” – “Истоки” аталган Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун күзгү республикалык көргөзмөсү

“Башат” – “Истоки” аталган Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун күзгү республикалык көргөзмөсү.
2022-жылдын 4-ноябрь күнү, саат 15-00до Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине жана Семен Афанасьевич Чуйковдун 120 жылдык мааракесине арналган, “Башат” – “Истоки” аталган Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун күзгү республикалык көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Көргөзмө 5-22-ноябрга чейин көрсөтүлөт.
Семён Чуйков менен Гапар Айтиевдин эмгектери республикада да, чет өлкөлөрдө да татыктуу бааланып, жогорку баага ээ! Биздин маданияттын патриархтарынын чыгармачылыгы Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосуна абдан күчтүү таасир эткен. Живопись чеберлери азыр да арабызда бар. Кыргызстанды пейзаждардын, портреттердин, Семён Афанасьевич Чуйков менен Гапар Айтиевдин тематикалык картиналарынын өлкөсү деп айтууга болот. Республиканын бардык белгилүү сүрөтчүлөрү биздин сүрөт мектебибиздин негиздөөчүлөрүнүн үлгүсүнөн шыктанган эң мыкты чыгармаларын жаратышты.
Көргөзмө өзүнүн көп түрдүүлүгү менен таң калтырат: экспозицияда көркөм кол өнөрчүлүк, скульптура, графика, живопись чыгармалары коюлган. Салттуу чыгармалар ошондой эле жаңы табылгалар бар. Негизинен көргөзмөдө республиканын көркөм сүрөт искусствосунун салттуу мектебинин духу чагылдырылат.