Image default
Uncategorized

Баткен облустук медиаборборунун телеберүүлөр боюнча редактору Арзыгүл Галымбетова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

2022-жылдын 25-мартында 37 жаш курагында Баткен облустук медиаборборунун телеберүүлөр боюнча редактору Арзыгүл Галымбетова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылдын 24-ноябрында Баткен шаарында туулган.

2009-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик гуманитардык университетинин Журналистика жана маалыматтык байланыштар факультетинин “Журналистика” адистиги боюнча аяктаган.Арзыгүл Галымбетова 2007-жылы “Манас жаңырыгы” телерадиоберүү компаниясында алып баруучу, 2007-2008-жылдары “Кыргызстан обондору” радиосунда редактор-алып баруучу, 2008-2009-жылдары “КТР-Обо” гезитинде кабарчы болуп иштеген.

2010-жылдан бери Баткен телеканалында телеберүүлөр боюнча редактор-баяндамачы,ага редактор ,улук редактор кызматтарында эмгектенген.Ошондой эле АКИpress маалымат агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген.Арзыгүл Галымбетова мыкты кесипкөй журналист болуп, чек ара, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында такталган оперативдүү маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип келген.

Анын эмгеги элдин эсинде калып, кыргыз улуттук журналистикасында өчпөс из калтырды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Арзыгүл Галымбетованын ага-туугандарына жана үй-бүлөсүнө терен кайгыруу менен көңүл айтат жана кайгысын бөлүшөт.