Image default
Жанылыктар

Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет -ораториясы коюулат

Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет -ораториясы коюулат.
25-сентябрда саат 19.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына арналган легендарлуу “Саманчынын жолу” спектакли коюлат.
Мындай иш- чарага көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана атактуу балерина Айсулуу Токомбаева менен болгон жолугушууда талкууланды.
Анда Айсулуу Токомбаева Министрликтин акыркы убактардагы жасап жаткан иштерин жогору баалап, маданият кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйгөнүнө кубанып жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Айсулуу Токомбаева 1995- жылдан бери Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореографиясабагы боюнча окутуучу болуп иштеп келет.
«Саманчынын жолу» балет-ораториясы — кыргыздын чыгаан композитору, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп саналат.
Балет -ораторияда Улуу Ата Мекендик согушта жолдошунан жана үч уулунан ажыраган карапайым кыргыз аялы Толгонайдын драмалык тагдыры көрсөтүлөт.
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, сидит, костюм и в помещении