Image default
Жанылыктар

Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет -ораториясы коюулду

Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет -ораториясы коюулду.
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына арналган легендарлуу “Саманчынын жолу” спектакли коюлду.
«Саманчынын жолу» балет-ораториясы — кыргыздын чыгаан композитору, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп саналат.
Балет -ораторияда Улуу Ата Мекендик согушта жолдошунан жана үч уулунан ажыраган карапайым кыргыз аялы Толгонайдын драмалык тагдыры көрсөтүлүп, аны Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин жетекчилиги алдында коюулган. Ал эми, Айсулуу Токомбаева башкы ролдун биринчи жана теңдешсиз аткаруучусу болгон.
Айсулу Токомбаева Толгонайдын партиясын шыктануу, экспрессивдүүлүк менен бийлеп, өзүнүн артисттик талантынын, мүнөзүнүн бардык күчүн, жумшаган. Ал эми, бул жолу коюулуп жаткан балет- ораторияны тетардын башкы балетмейстер, КРнын Эл артисти Айзада Тумакованын жетекчилиги астында жаш таланттуу бийчилердин муундары сахнага алып чыгышты.
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек и в помещении
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, танцует и в помещении
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди стоят и военная форма
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек, ребенок, люди сидят, люди стоят и в помещении