Image default
Жанылыктар

Бишкек шаарына Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театры гастроль менен келди

Бишкек шаарына Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театры гастроль менен келди.
2022- жылдын 7-9- октябрь күндөрү Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театры гастрол менен келди.
Кыргыз-казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштарды мындан ары чыңдоо, улуттук театрдын өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн чыгармачылык гастроль 3 күнгө уланат.
Программада:
07.09.2022 – «Сұлтанның аты – сұлтан» комедиясы (реж. Б.Абдураззаков);
08.09.2022 – «Алжир» реквием (реж.Б.Шамбетов);
09.09.2022 – «Кішкентай адамның үлкен трагедиясы» комедиясы (реж.Б.Шамбетов).
И. Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театры 2000-жылы ачылган. Алгачкы күндөн тартып театр республикалык жана эл аралык фестивалдарга активдүү катышуу менен, Казакстанда гана эмес, көптөгөн чет мамлекеттерде гостролдордо болгон.
Бүгүнкү күндө театрдын репертуарында 100дөн ашык дүйнөлүк классика жана улуттук драматургиянын шедеврлери, ошондой эле заманбап спектаклдер бар.
Бишкек шаарына чыгармачылык сапар менен келген топто Казакстандын эмгек сиңирген ишмерлери, Казакстан Республикасынын маданият ишмери, “Маданияттын мыкты” кызматкерлери бар.
Спектакль күнүгө саат 18:30 башталат.