Image default
Жанылыктар

Бишкек шаарында “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат

Бишкек шаарында “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат.
“Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында, Кыргызстан Жаштар күнүнүнө карата 2022-жылдын 7-12-ноябрында Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат. Ошондой эле, жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулууда.
Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды, жаштар иштери боюнча мекемелерди, окуу жайларды, мектептерди, хобби ийримдерин, жаштар адистерин жана башка өнөктөштөрдү жаштар ишине тартууга, демилгелүүлүккө жана ишкердүүлүккө үндөгөн тематикалык иш-чараларга катышууга чакырат.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 15 токтому менен 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү жыл сайын белгиленүүчү майрам катары бекитилген.