Image default
Жаңылыктар

Бишкекте айым режиссёрлор тарткан кинолордун жумалыгы старт алды

Бишкекте 5-8-декабрь күндөрү Улуттук тарых музейинде гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында айымдар тарткан тасмалардын жумалыгы башталды.
Жумалыктын ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Chyngyz Esengul уулу катышып, аталган иш- чаранын маанилүүлүгүнө жана максатына токтолду.
“Тилекке каршы коомубузда айымдардын укугу кордолгон учурлар жок эмес. Мына ошол терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында айымдарыбыздын кино өндүрүшүнө аралашып, зордук- зомбулукка каршы багытталган тасмаларды тартып жатканы абдан кубанычтуу көрүнүш.
Кыргыз эзелки доордон бери аялзатын кадырлап, сыйлап келген эл. Андыктан, айымдарды урматтап, сыйлоо ыйык парз экенин ар бир мырза сезип, билишибиз керек. Айымдар тарткан тасмалардын жумалыгы 2021-жылы да өткөн. Анда да жакшы тасмалар элге тартууланган. Уюштуруучуларга, катышуучуларга, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем жана ийгилик каалайм”- деп сөзүн жыйынтыктады Чыңгыз Эсенгул уулу.
Жумалык 8-декабрга чейин уланып, күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин режиссёр айымдардын гендердик теңсиздикти жана коомдо курч маселеге айланган зомбулук тууралуу тасмалар Улуттук тарых музейинде болот.
Эске салсак, кино тарткан айымдарга колдоо көрсөтүү жана аларды кеңири аудиторияга эмгегин тартуулап, көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган иш – чара ЕБ-БУУнун «Теңдик Нуру» демилгесинин “Азия чыгармачыл айымдарынын коомдук кору” менен болгон кызматташтыгы жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги нин колдоосу менен өтүп жатат.