Image default
Жанылыктар

Бишкекте Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча «Жаштар келечек үчүн» аттуу аймактык жаштар конференциясы аяктады

Бишкекте Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча «Жаштар келечек үчүн» аттуу аймактык жаштар конференциясы аяктады.
Иш-чара 24-27-октябрь күндөрү Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан жана Германиядан жаш эко-активисттерди бириктирди.
Конференцияга Таджикстандан келген делегаттар жана Түркмөнстандан келген бир нече эко-активисттер онлайн режиминде катышты.
Конференциянын негизги максаты аймактагы аз көмүртектүү жана климатка туруктуу келечекти куруу үчүн жаштардын потенциалын күчөтүү болду.
Эко-активисттер төрт күн бою аймактагы климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык эксперттердин изилдөөлөрү менен таанышты; дүйнө жүзү боюнча жаштардын экологиялык кыймылдарынын ролу жөнүндө билишти; аларды айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы маалыматтарды чогултууга, талдоого жана колдонууга үйрөтүштү.
Программанын ичинде интерактивдүү сессиялар жана командалык оюндар, мазмундуу талкуулар, эко-идеяларды биргелешип иштеп чыгуу, чет элдик эко-активисттер жана волонтерлор менен тажрыйба алмашуу болду. Экологиялык экскурсиялар борбор калаанын сейил багына биргелешип бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу менен коштолду.
Конференциянын жыйынтыгында эко-активисттер климат маселелери боюнча Борбордук Азия жаштарынын биргелешип иштеп чыккан коммюникесин сунушташты. 10 барактан турган документте жаштар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана ага ыңгайлашууда негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири болууга даяр экени билдиришти. «Борбордук Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында бири-бирин толуктап келээрин жана аймактагы коопсуздук коркунучтарын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын моюнга алышат. Жаштар климаттын өзгөрүшү боюнча иш-аракеттердин бардык этаптарында, анын ичинде чечимдерди кабыл алууда, ишке ашырууда, мониторингде жана баалоодо активдүү катышуусу керек. Улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштар платформаларын түзүү жана бекемдөө керек», — деп айтылат документте.
Аймактык конференция Борбордук Азия өлкөлөрү менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өттү.
Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Тынчтык жана Өнүгүү Институту (IPD) менен кызматташтыкта, Кыргызстандын Жашыл Альянсы жана «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмеси менен биргеликте болуп саналат.