Image default
Жанылыктар

Бишкекте “Чектөөсүз спорт”: КМШ өлкөлөрү арасындагы ден соолук марафону өттү

Бишкекте “Чектөөсүз спорт”: КМШ өлкөлөрү арасындагы ден соолук марафону өттү.
15-октябрь күнү Бишкек шаарындагы эски аянтта КМШ өлкөлөрүнүн катышуусунда “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафону өттү. Мелдештин жүрүшүндө 1км аралыкка чуркоо (2 жаштан жогорку кайраттуу адамдар) кол күрөш жана таяк тартышуу боюнча катышуучулар күч сынашышты.
Спорттук жарыштын ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, министрдин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев катышып, жарыштын катышуучуларын куттукташты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар үчүн лотерея ойнотулду.
Белгилей кетсек, “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафонунун башкы максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, дени сак жашоого үндөө болуп саналат.
Иш-чаранын уюштуруучулары- Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Эл аралык марафон дирекциясы болду.