Image default
Жанылыктар

Борбордо жаштар жумалыгын алкагында тамекиге каршы жана спортко үндөгөн иш- чаралар өттү

Борбордо жаштар жумалыгын алкагында тамекиге каршы жана спортко үндөгөн иш- чаралар өттү.
2022-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Тонус» коомдук фонду менен биргеликте “Дени сак жаштар – өлкөнүн келечеги” деген ураан менен “Келечек” жаштар платформасынын алкагында, жаштар күнүнө арналган жаштардын спорттук иш-чарасын өткөрдү.
Иш- чара Бишкек шаарындагы “Билимкана” жеке мектебинин спорттук залында өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Белгилей кетсек, министрлик мындай иш-чараны биринчи жолу өткөрүүдө. Иш-чаранын максаты жаштар арасында жигердүү жашоо образын жаратуу, дене тарбия жана спортту жайылтуу, дене-бойду чыңдап, ден соолукка туура кам көрүү болуп саналат.
Ошондой эле, жумалыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда секторлор аралык тегерек стол болуп өттү.
Анда жаштар арасында тамекиге болгон көз карандылыкка бөгөт коюу, калктын жаш катмарын тамеки тартууга каршы күрөшкө үндөө, тамеки чегүүнүн алдын алуу жана тамекинин ден -соолукка тийгизген зыяндуу таасири жөнүндө коомчулукка маалымдоо болду.
Демилге Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДСУ) тарабынан колдоого алынган.