Image default
Анонстор

Бул жумада кандай иш-чаралар өтөт?

Бул жумада  кандай иш-чаралар өтөт?
29- ноябрда Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Юбилейлик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 11:00до башталат.
***
1-декабрда саат 18:00 дө Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын концерттик залында маданият ишмерлери жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз эл артисти, белгилүү кино актер жана режиссер Орозбек Кутманалиевди эскерүүгө арналган иш-чара өтөт.
***
4- декабрь “Манас күнүнө” карата 2022-жылдын 2- декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковго Гиннестин сертификатын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өтөт.
***
4-декабрь “Манас күнүнө” карата 3–декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт.
***
3- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Франчайзинг ( BIZ Franchise) форуму өтөт. Иш-чара саат 9:00 да башталып, 18:00 дө аяктайт. Форум
Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүнүн инструменттери жана технологияларын, франчайзерлердин жалпы каталарын кантип алдын алуу жана туура франчайзингди тандоо жөнүндө кеңири маалымат алышат.
***
4- декабрь “Манас күнүнө” карата саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы болот