Image default
Анонстор

Бул жумада өтө турган иш- чаралардын тизмеси

• 2022- жылдын 5-8- декабрь күндөрү саат 16:00- 18:00го чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде БУУнун гендердик зомбулкка каршы багытталган бүткүл дүйнөлүк 16 күндүк кампаниясынын алкагында “Аялдар киносунун жумалыгы”, кирүү акысыз;
• 2022-жылдын 5-декабрында саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси;
• 2022- жылдын 6- декабрында саат 11:00 дө жаңы реставрациядан өткөн Илья Тереньтевдин үй музейинин ачылышы;
• 2022- жылдын 6-10-декабрь күндөрү Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу Жалил Садыковдун 90 жылдыгына карата театралдык жумалык жарыяланат.
Жумалыктын программасы:
– 6-декабрь, саат 18:30. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында жумалыктын расмий ачылышы жана К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын “Манастын уулу Семетей” спектакли (автору Ж. Садыков);
– 7-декабрь, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында саат 12:00 жана 18:30да “Учур” Мамлекеттик жаштар театрынын “Ак-Мөөр” спектакли (авт. Ж. Садыков).
– 8-декабрь.13:00 жана 18:30да Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Төлгө” спектакли (авт. Ж. Садыков).
• 2022-жылдын 8-декабрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хандын) 230 жылдыгына арналган “Ормон хан Ниязбек уулу- XIX кылымдын орто чениндеги көчмөн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү” аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференция;
• 2022-жылдын 12-декабрында саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи белгиленет.