Uncategorized

Бурсада 2022-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун координациялык борборунун ачылыш аземи өттү

Ага ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынына Бурсага келген түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Ошондой эле ТҮРКСОЙдун бул жылдардагы ишмердүүлүгүнө арналган фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп, түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланды.Мындан сырткары, Тюрксой уюмуна мүчө мамлекеттерден келген расмий өкүлдөр Нооруз майрамына карата иш-чарага катышып, майрамдык маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны эртең, 31-мартта Бурса шаарында өтөт.