Image default
Жанылыктар

“Чүй туристтик дестинациясынын” расмий ачылыш аземи өттү

“Чүй туристтик дестинациясынын” расмий ачылыш аземи өттү.
Бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин караштуу Туризм департаментинин жана “Алтын Сары-Өзөн Чүй” дестинациясынын демилгеси менен уюштурулган Чүй облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Чүй туристтик дестинациясынын” расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чаранын алкагында Чүй облустук администрациясы, Япония мамлекетинин Кыргызстандагы эл аралык “JICA” кызматташтык агенттиги жана “Алтын Сары-Өзөн Чүй” туристтик дестинациясы Чүй аймагындагы туризмди өнүктүрүүгө арналган кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Токмок шаардык мэриясынын өкүлчүлүгү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун “Тескей жээк” дестинациясынын жетекчилиги катышты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун – басары Самат Шатманов, Чүй облусунун аймагында туризм тармагы боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте алгылыктуу иштер жүрүп жатканын, 2023 – жылга карата бир катар иштерди аткаруу мерчемделгенин кошумчалап, Туризм департаменти жаӊы түзүлүп жаткан “Алтын Сары-Өзөн Чүй” туристтик дестинациясы менен аймакта туризмди өнүктүрүүдө тыгыз кызматташаарын, Чүй облусунун туристтик дарамети чоӊ экендигин баса белгиледи.
Маалымат катары билдирсек, министрлик Чүй облусундагы Бүткүл дүйнөлүк мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү аркылуу туризмди илгерилетүү боюнча Япония мамлекетинин Кыргызстандагы эл аралык “JICA” кызматташтык агенттиги менен биргеликте, баштапкы мерчем долбоору иштелип чыкмакчы.
Возможно, это изображение 7 человек и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и стоит