Image default
Жанылыктар

Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында «Агреппина Ваганованын классикалык бийинин ыкмаларын сактоо жана өнүктүрүү» семинары өтүлдү

Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында «Агреппина Ваганованын классикалык бийинин ыкмаларын сактоо жана өнүктүрүү» семинары өтүлдү.
Бүгүн, 4- ноябрда Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында 2022-жылдын 31—октябрынан 5-ноябрга чейин өтүлгөн «Агреппина Ваганованын классикалык бийинин ыкмаларын сактоо жана өнүктүрүү» семинары жыйынтыкталып, катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылды. Бул күндөрү окуу жайда келечектеги бий өнөрүн аркалай турган солисттер жана хореографтар үчүн мыкты шарт түзүлүп, алар заманбап жана бий өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн өздөштүрө алышты.
Жыйынтыктоочу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков катышып, мындай семинардын өтүлүшү келечектеги хореграфтар үчүн абдан маанилүү жана өз учурунда жасалып жаткан кадам экендигин белгиледи. Ошондой эле ал, бир жумага созулган семинарды уюштуруунун башында турган жетекчиликке жана атайын Санкт- Петербург шаарынан чакырылган хореограф, Санкт-Петербург театрынын башкы солисти Елена Викинге ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай иш- чараларды дайыма колдоп келгендигин жана мындан ары да колдой бере тургандыгын баса белгиледи.
Андан соң, окуу жайда бий өнөрүнөн билим алган окуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, семинарга катышкандарга сертификаттар тапшырылды.
Возможно, это изображение 12 человек, люди танцуют и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди танцуют и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и в помещении