Image default
Жаңылыктар

Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту

Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту.
Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Маалымат комитетинин төрагасы Канат Ысаков жана Казакстандын эл аралык кызматташтык департаментинин диреткору Нурлан Шубаев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат жана ЖМКлар тармагында кызматташууну талкуулап, өз кезегинде Ч. Эсенгул уулу кыргыз тарап Казакстандын тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстандын медиа индустриясын Tik-Tok, Facebook, Instagram жана жалпы Google корпорациясы сыяктуу социалдык тармактар менен интеграциялоого кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми, казак тарап Стоп-фейк системасы боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жолугуушууда кинематография тармагындагы кызматташтык талкууланып, Дархан Кыдырали тасманы кайсы мамлекет тартып жатканына карабастан кыргыз жана казак артисттери чакырылган советтик кинонун шедеврлерин эске салды. Тараптар мындай тажрыйбаны кайра жандандырууну сүйлөшүп, эки өлкөнүн киноиндустриясынын өнүгүшүнө жаңы дем берерин ырасташты.
Ошондой эле, жолугушууда этностор аралык жана коомдук саясат тууралуу талкуу жүрүп, Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстанда «Кыргыз жараны» концепциясы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын айтып, бул концепцияны ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар жаштар саясаты жаатында тыгыз кызматташууга даярдыгын жана ачыктыгын белгилешти.