Image default
Жаңылыктар

Чыңгыз Эсенгул уулу: Маданий алака эки өлкө ортосундагы негизги көпүрө болуп саналат, ал ар дайым өнүгүп өсүп турушу кажет

2022-жылдын 15-декабрда Ташкент шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XV форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.
Тактап айтканда, Озодбек Назарбеков эл аралык байланыштарды чыңдоодо маданий дипломатиянын маанилүү ролун баса белгиледи. Бул контекстте биргелешип узак мөөнөттүү стратегиялык программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана эки элдин маданий алакасын салттуу түрдө улантуу сунуштады.
Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттер аралык саясий, экономикалык жана башка кырдаалдарга карабастан, маданият чөйрөсү ар дайым өз алдынча жана үзгүлтүксүз болушу керек. Маданий байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы негизги көпүрө жана алар ар дайым өнүгүп, өсүп турушу керектигин белгиледи. Ошондой эле, Чыңгыз Эсенгул уулу 2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөөрүн айтып, кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүгө даярдыктар көрүлөөрүн маалымдады.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул юбилейлик датага карата Маданият күндөрүн паритеттик негизде өткөрүү пландалууда. Борбор шаарлар маданий иш-чараларга бай экенин эске алып, өз ара макулдашуу боюнча Кыргызстандын маданият күндөрүн Ташкент, Хорезм жана Жизак облустарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Алдын ала маалымат боюнча программага Улуттук “Манас” театрынын гастролу да кирет.